Москва районунда 2 ай мурда жасалган кылмыштын бети ачылды

19-март күнү Беловодск айылындагы турак үйлөрдүн бириндеги булганыч суулар топтолуучу аңдан (септик) эки ай мурда жоголуп кеткен, 1991-жылы туулган жарандын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын 27-январында милиция кызматкерлерине Москва районунун 30 жаштагы тургуну кайрылып, анын 1991-жылы туулган Н.К. аттуу иниси 22-январда үйдөн чыгып кеткен боюнча белгисиз экенин кабарлаган.

Бул факт боюнча издөө иштери жүргүзүлүп, жыйынтыгында кылмыштын бети ачылды. 2014-жылдын 22-январында үй ээси менен каза болгон Н.К. арак ичип отурушуп уруша кетишкен. Андан соң үйдүн ээси маркумду муунтуп өлтүрүп, изин жашыруу үчүн өлүктү үйүндө жайгашкан жаман сууларды төгүүчү чуңкурга ыргытып салган.

Учурда аталган кылмышка шектүү кармалып, “адам өлтүрүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголду. 

 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан