Президент Алмазбек Атамбаев Бишкекте журналисттер менен жолугушту

Бүгүн, 24-декабрда Бишкектеги "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында КРнын Президенти Алмазбек Атамбаевдин журналисттер менен жолугушуусу болуп өттү. Маалымат жыйынында Кыргызстандагы энергетикалык кырдаал, Эл аралык кызматташтык, Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгү, коррупция менен күрөшүү, Камбар-Ата 1 ГЭСи, "Манас" аба майданындагы АКШнын аскердик базасынын тагдыры сыяктуу ондогон орчундуу суроолордун тегерегинде сөз болду. Суроо берүү тартиби эркин мүнөздө болуп, президентке бир катар курч суроолорго жооп бергенге туура келди. Ошондой эле мамлекет башчы кызматтык мөөнөтү аяктаарына дагы 4 жыл 11 ай калганын баса белгилеп, бул жылдар ичинде Кыргызстанда чоң өзгөрүүлөр боло турганын айтты. Жолугушуу жыйынтыкталар алдында кыска мөөнөткө свет өчүп, отургандарды бир дуу түшүрдү. Сөз соңунда Алмазбек Атамбаев мындай жолугушууларды мындан ары да өткөрүп туруу маселеси карала турганын айтып, журналисттерге жана жалпы эле кыргыз элине тынччылык, бакубат жашоо каалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан