Атайын иликтөө амалдарынын жүрүшүндө Токмок шаарынан 5 “хизбутчу” кармалды. Маалым болгондой, кылмышка шектүү аялдардын биринин үйүнөн тыюу салынган экстремисттик адабият, компакт-дисктер, жазуулар жана күндөлүктөр табылган.
Ал “Хизбут-Тахрир” кыймылынын жетекчилеринин бири экени белгилүү болду. Анын уюму активдүү түрдө жаш кыздарды өз ыктыяры менен диний иштерге аралаштырып келген. Эң жаш окуучу кыздарынын бири 16 жашта экендиги белгилүү болду.
Укук коргоо органдары тарабынан жүргүзүлгөн операциянын натыйжасында кармалган аялдар жергиликтүү ички иштер башкармалыгына жеткирилди. Тиешелүү материалдар УКМКнын тергөө башкармалыгына тапшырылды. Учурда ыкчам иликтөө амалдары жүрүп жатат. Бул тууралуу 20-мартта Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.