Ысык-Көл. Каракол-Эңилчек автожолуна кар көчкү түштү
31-октябрь күнү саат 13:40тар чамасында Ысык-Көл облусунун Ак-Суу
районундагы Каракол-Эңилчек
автожолунун 76-77-чакырымында 100 м³, 81-82-чакырымында 120 м³ кар
көчкү түшүп, жол убактылуу жабылган.
Жолду тазалоого 2 бульдозер тартылып,
саат 16:00 чамасында автожол бир
тарапка ачылды. Ал эми азыркы учурда жолду кеңейтип тазалоо иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу КРнын Өзгөчө
кырдаалдар министрлигинен маалымдашты.