27-мартта Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда жаш опера ырчыларынын катышуусунда Сицилия кечеси өтөт

27-мартта Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын кичи залында жаш опера ырчыларынын катышуусунда Сицилия кечеси өтөт. Бул тууралуу концерттин уюштуруучулары кабарлашты.

Маалымдалгандай, концертте К.Молдобасанов атындагы Улуттук консерваториянын бүтүрүүчүлөрү Саян Исин, Кундуз Карыпбаева, Глеб Ким, Данияр Мусаев, Заира Раимбековалар өнөрлөрүн элге тартуулашат. Аталган кечеде чыгаан музыканттар В.Моцарт, Ж.Верди, Ж.Бизе, Ж.Пуччини, Р.Леонкавалло, П.Маскан, И.Кальман, Ф.Легар, Ж.Каччини, К.Молдобасанов, Л.Хамидинин чыгармалары аткарылат. Ошондой эле бул кечеде эл аралык сынактардын концертмейстерлери Юлия Бабич жана Айбарчын Добулбекова катышышат.  

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан