Бүгүн, 21-мартта Бишкекте, борбордук "Ала-Тоо" аянтында Нооруз майрамын белгилөө иш-чарасы башталды. Күн бир аз бүркөк болсо да, элдин маанайы "5". Аянтка боз үй тигилип, театрлаштырылган концерттик программа жүрүп жатат. Нооруз майрамы келгени жар салынып, арча түтөтүлүп, алас айтылды. Майрамдык салтанат кыргыз эстрада жылдыздарынын аткаруусундагы "Нооруз" ыры менен ачылды.
Бул ыр жаңырган соң сахнага президенттин аппаратынын жетекчиси Данияр Нарымбаев, өкмөттүн аппарат жетекчиси Нурканбек Момуналиев чыгып, шаар тургундарын жана конокторун бүгүнкү улуу Нооруз майрамы менен куттуктап, элге тынчтык, токчулук, бакыт каалашты. Ушундан кийин концерттик программа ачык деп жарыяланып, элге ар улуттун ыр-бийлери тартуулана баштады.
Негизи, бүгүн "Ала-Тоо" аянтында жүргөн элдин маанайы көтөрүңкү десек болот. Айрымдары ырчы-бийчилерге кошулуп ырдап-бийлеп жатышты. Аянтта шаардыктар үчүн атайын оюн-зооктор уюштурулуптур.
Албетте, Нооруз майрамын сүмөлөксүз элестетүү кыйын. Өлкөбүздүн ар кайсы бурчунан жасалып алынып келинген сүмөлөктү эл сатып алып, тамшануу менен жеп жатышканына күбө болдук. Бул жылы сүмөлөктүн 100 граммы 30 сомдон сатылууда.