"Шаар тургунун бычак менен коркутуп, 2500 сомдук уюлдук телефонун тартып алган" деп шектелип эки жигит кармалды

"Бишкек шаарынын Чапаев – Гагарин көчөлөрүнүн кесилишинде бычак менен коркутуп, 2500 сомдук Нокиа үлгүсүндөгү уюлдук телефонду тартып алган" деген шек менен эки жигит кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 21-мартта Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы жарыялады.

Маалыматка ылайык, бул факты боюнча "каракчылык" беренесинин негизинде кылмыш иши козголду. Ыкчам иликтөө амалдарынын жүрүшүндө аталган кылмышка шектелип Д.Элдос жана К.Нурдин колго түшүрүлдү. Алар Ош облусунун тургундары болушкан. Учурда убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
92nuraaly
2014-03-21 19:41:50
Жакшы иш кылбаптыр.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан