Бишкектеги Арча-Бешик жаңы конушунда эки уурулук фактысынын бети ачылды

Борбор шаардын Арча-Бешик жаңы конушунда эки уурулук фактысынын бети ачылды. Маалыматка ылайык, белгисиз адамдар аталган конуштун Ак-Туз көчөсүндө жайгашкан мончого кирген кыздын Самсунг үлгүсүндөгү уюлдук телефонун уурдап алышкан. Милиция кызматкерлери тарабынан ыкчам иликтөө амалдары жүргүзүлүп, кылмышка шектелип К.Алина кармалды. 

Мындан сырткары Арча-Бешиктеги үйлөрдүн биринде үйдө эч ким жоктугунан пайдалангандар 5 миң сом акча каражатын уурдап кетишкен. Ленин РИИБинин кызматкерлери чараларды жүргүзүп, кылмышка шектүү 3 адамды: А.Урмат, Б.Качыбек жана К.Алтынбекти колго түшүрүштү.
Учурда аталган фактылар боюнча тергөө амалдары жүрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 21-мартта Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан