"Супер-Инфо" гезитинин эмгек жамааты камакка алынган мурунку кесиптеши Бахияна Сатылганованын абалына тынчсыздануу менен моралдык колдоо көрсөтөт

 Оюн деп ойлоп от чыгарып алган, учурда камакка алынган журналист Бахияна Сатылганованын, ооруканада жаткан журналист Максат Орозумбетовдун жана спортчу Жанат Муратовдун тагдыры бизди абдан ойлондурат. Алардын тагдырына, абалына тынчсызданып, кабатыр болуп турабыз. 

Телеалпаруучу Н.Айтбековага байланыштуу окуяны жалпы коомчулукка ашыкча ирет эстетүүнүн кажети жок. Назира Айтбекова тууралуу “Супер-Инфо” гезити, ошол убакта иштеген кабарчысы Бахияна Сатылганова дагы позитивдүү макала, жаңылыктарды жазып келгени чындык. Бахияна Сатылганова телеалпаруучу менен жылуу мамилесинен улам аны жакын курбу катары эсептеп, тамашага салууда журналисттин этикалык чегин унутуп, сценарийден четтеп кетип, катуу чочутуп алганы тууралуу маалыматтар айтылып эле келди. Ооба, алар чектен чыгып кетишти. Аны моюнга алып, Бахияна Сатылганова менен Максат Орозумбетов маалымат жыйынын өткөрүп, расмий түрдө кечирим сурашкан. “Супер-Инфо” гезити да кабарчылардын атынан телеалпаруучудан расмий түрдө кечирим сурап, анын абалына түшүнүү менен мамиле кыларын билдирген эле. Бул күндөр аралыгында гезиттин эмгек жамааты, кызматтан бошотулган эки журналист, алардын жакындары, спортчу Жанат Муратовдун достору, жакындары биргеликте далай ирет Н.Айтбекова менен жолугуп, кечирим суроого аракет кылышты. Бирок телеалпаруучу аларды кабыл албады. “Кечирбеди” деп Н.Айтбекованы айыптоо максатыбыз жок. Албетте, мусулман баласы үчүн, дегеле адамзаты үчүн маанилүү болгон кечиримдүүлүк сапатты эске алып кечиреби же башкача чечимге келеби, ал телеалпаруучунун өз эркинде.

Бул окуяларга кайрылып жатканыбыздын жөнү бар. Атайы кара санатайлык менен жасабаган, оюн кылам деп от чыгарып алган окуя үчүн тергөө амалдары дээрлик аяктап, иш сотко ашарына аз калганда журналист Б.Сатылганова менен спортчу Ж.Муратов камакка алынды. Бахияна Сатылганованын эки жаштагы жаш баласы бар, учурда кош бойлуу. Алардын ар бири тергөөчү чакырган маалда келип көрсөтмө, сурак берип жатышты. Бир да ирет алардын айынан тергөө үзгүлтүккө учурабаптыр. Качып кетүүгө ниети бар адам алда качан эле из жашырмак. Аларга карата баш коргоо чарасын чектөөдө ушул жагдайлар эске алынбаптыр, сот тарабынан. Алардын абалы үчүн абдан тынчсызданабыз. Тилекке каршы, моралдык колдоодон башка көмөк көрсөтүүгө  аргабыз жок. Анткени иш мыйзам чегинде чечилиши керек. Бардык жагдайларды эске алуу менен сот адилет чечим чыгарат деген үмүттөбүз.

4 айлык боюнда бар Бахиянаны 2 жашар баласынан чырылдата ажыратып, кышкы суукта каматуу менен Назира Айтбекова жетишерлик деңгээлде өчүн алган чыгар? 


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан