Өткөн жылдын ноябрь айында Токтогул-Совет көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз жаран күч колдонуп Бишкек шаарынын тургуну Ш.Нурсултандын 8000 сомдук Нокиа үлгүсүндөгү уюлдук телефонун тартып алган. Кылмышка шектүү катары борбор калаанын тургуну С.Тагир кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 21-мартта билдирди.
Ошондой эле Аламүдүн районунун жашоочусу З.Алланы эки бет капчан адам тапанча менен коркутуп, 6000 сом акчасын тартып алган. Бул кылмышка шектүү катары Сокулук районунун тургуну М.Элдияр кармалды. Сүйөркулов көчөсүндөгү дүкөндүн жанынан белгисиз адамдар Бишкек шаарынын тургуну М.Армандын күрмөсүнүн чөнтөгүнөн 3500 сомун, 2 евросун жана Самсунг үлгүсүндөгү уюлдук телефонун уурдап кетишкен. Бул ишке шектелип А.Руслан кармалды.
Февраль айында Т.Алтынбектин Фрунзе көчөсүндө токтотулуп турган Volvo үлгүсүндөгү унаасынан белгисиз адамдар 2 аккумуляторду уурдап кетишкен. Жалал-Абад облусунда туулган А.Улукбек кармалып, убактылуу кармоочу жайга жиберилди.