Новокузнецк шаарында электричка тебелеп кеткен кыздын сөөгү бүгүн, 21-мартта Кыргызстанга жөнөтүлөт. Маалыматка ылайык, "Жүк-200дү" мекенине жөнөтүү үчүн кыргызстандыктар каражат топтошууда.
Белгилүү болгондой, 19-мартта Орусиянын Новокузнецк шаарында кыргызстандык кызды электричка тебелеп кеткен. Каза болгон кыз 1990-жылы туулган Д.Н. экени жана аталган шаарда 2 жылдан бери иштеп келгендиги белгилүү болду. Бул тууралуу "Замандаш" ассоциациясынын басма сөз кызматы билдирди.