Өкмөт жооп берет: Кыз-келиндер аскерде кызмат өтөшсө, кандай жеңилдиктер берилет?

Урматтуу колдонуучу, сизде өкмөткө, ага тиешелүү министрликтерге берилүүчү суроолор жана чечилбеген маселелер барбы? Анда «Суперстандагы» «Өкмөт жооп берет» бөлүмүнө суроолоруңузду калтырыңыз. Суроолоруңузга тиешелүү тармактардын адистеринен жооп алып берүүгө даярбыз.

Суроо: - Кыз-келиндер аскерде кызмат өтөсө болобу? Же мырзалар менен кызмат өтөгөнгө мүмкүн эмеспи? Аскер кызматчыларынын маяна менен пенсиясына акча кошулат, пенсияга эрте чыгышат деген чынбы? Негизи эле кандай артыкчылыктары бар? Суроо калтырган 4ever_Young

Жооп: - Коргоо министрлигинде аскердик кызматтарда кыз-келиндер кызмат өтөшөт. Алар медицина, каржы, байланыш, журналист, котормочу, иш жүргүзүүчү жана башка кызматтарда иш алып барышат. Ал эми бир жылдык анык аскердик кызматка кыз-келиндер чакырылбайт. Ага азырынча муктаждык да жок.

20 жыл кызмат өтөсөңүз, пенсияга кетүүгө мүмкүнчүлүгүңүз болот, учурда мыйзам боюнча пенсияга аскер кызматкерлери (эркектер) 53 жаштан кетет. Пенсияңыздын суммасы кызмат өтөп жүргөн мезгилдеги маянага байланыштуу. 
Ал эми жакшы жактары тууралуу айтсак, сиз толугу менен мамлекеттин камсыздоосунда болосуз, медициналык жактан бекер камсыздаласыз, кезек менен турак жай алууга да мүмкүнчүлүгүңүз болот.

Суроого Коргоо министрлигинин маалыматтык камсыздоо бөлүмү жооп берди.

Эгер сизде да суроолор болсо, анда "Өкмөт жооп берет" бөлүмүнө кириңиз.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан