Каракол шаарында майрамга карата орнотулган селкинчек кулап, 3 бала жабыркады. Бул тууралуу бүгүн, 21-мартта Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, селкинчек балдар тээп жаткан учурда кулаган. Анын кесепетинен 3 бала денесинен ар кандай жарааттарды алышты. Учурда аларды “Тез жардам” унаасы алып кетти.