Депутаттар Акмат Бакиевдин качып кетишине жол берген адамдардын жоопко тартылган-тартылбаганына кызыгышты

ЖКнын Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча комитетинин 24-декабрдагы жыйынында депутат Туратбек Мадылбеков Акмат Бакиевди качырып жиберүүгө жол берген адамдар жоопко тартылган-тартылбаганы тууралуу отчёт алуу керектигин билдирди. Анын айтымында, Акмат Бакиев тууралуу иш башталганда эле мыйзам бузуулар менен башталган. "Башында ага 28 берене менен айып тагылган, кайра ал беренелердин саны 11ге кыскарды. Ал эми азыркы учурда 5 гана берене менен айыпталууда. Муну менен анын оор кылмыш кылганы жокко чыгып жатат. Мен комитет жыйынына прокуратуранын өкүлдөрүн чыкырып, алардын отчётун угууну талап кылам",- деди Мадылбеков.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан