Нооруз майрамынан кийин Бишкектеги аянттарды тазалоо бүгүн саат 21:00дө башталат

“Тазалык” ишканасы борбордук “Ала-Тоо” жана эски аянтты тазалоону саат 21:00дө баштайт. Бул тууралуу бүгүн, 21-мартта мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Тоголок Молдо, Абдрахманов, Фрунзе, Токтогул көчөлөрүндө да тазалоо иштери жүргүзүлөт. Иш-чарага 60 жумушчу, 4 суу ташуучу жана 10 таштанды чогултуучу техника даярдалыптыр.

Белгилей кетсек, бүгүн, 21-мартта Нооруз майрамына карата борбордук "Ала-Тоо" жана эски аянтта майрамдык иш-чаралар өтүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kyzyl-Unkur
2014-03-21 17:31:36
Ошондо Дискотека болбойбу? Кечкисин?
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан