Кытай дайынсыз жоголгон малайзиялык Боинг-777 учагын издөө үчүн Австралияга 3 кеме жана 1 муз жаргыч кеме (ледокол) жөнөттү.
Буга 20-мартта Австралиянын аскерлери тарабынан спутниктик көзөмөлдөөдөн Инд океанынын үстүндө сүзүп жүргөн эки нерсени көрүшкөнү себеп болгон. Алар жоголгон учакка тиешеси болушу мүмкүн экендигин божомолдошууда. Бул тууралуу бүгүн чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Эске салсак, Австралиянын премьер-министри жоголгон учакка тиешелүү калдыктар табылгандыгы тууралуу божомолдорду айткан.
8-мартта Малайзиядан Кытайга учуп баратканда жоголуп кеткен учак бүгүнкү күнгө чейин изделип, жыйынтык чыкпай келет. Издөө иштерине 30га жакын мамлекет тартылган.