Бүгүн, 22-мартта "Тамашоу" Лигасынын 6-сезонунун жарым финалы болуп өттү. Мында 8 команда финалга жолдомо алуу үчүн "Видеосынак", "Ким тапан?", "Фристайл" сынактары боюнча ат салышты. Ал эми тогузунчу команда - "Ак-Өргө city" командасы конкурстан тышкары оюн көрсөтүп, күйөрмандары менен коштошту.
Эми бүгүнкү мелдештин жыйынтыгына токтолсок, өзгөчө оюн көрсөткөн "Кыргыз двор", "Позитифф", "Бишкек" командалары финалга жолдомо алышты.
7-орун - "Brooklyn"
6-орун - "Олимпик", "Айым style"
5-орун - "Тамашарики"
4-орун - "Ассорти"
3-орун - "Позитифф"
2-орун - "Бишкек"
1-орун - "Кыргыз двор"