Жылнаама. 22-март, мындан 3 жыл мурун “Ата Журттун” лидери Камчыбек Ташиев өкмөткө 10 пункттан турган талап жөнөтүп, ага Алмазбек Атамбаев жооп берген

* 5 жыл мурун, 2009-жылы Кыргызстандагы чоң чырдын башын баштаган, 2005-жылкы парламенттик шайлоодон тандалган 59 депутат бул күнү Жогорку Кеңештин биринчи жыйынына чогулушкан. Жогорку Кеңештин депутаттары күбөлүк алышып, депутаттык ант беришкен. Парламент жыйынында саясий абалга байланыштуу Кыргызстан калкына кайрылуу, өлкөгө өзгөчө кырдаал киргизүү, жагдайды иликтөө үчүн депутаттык комиссия уюштуруу туурасында токтом кабыл алынган.

Парламент жыйынына президент Аскар Акаев катышып, өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу кайрылуу жасаган. Мамлекет башчысы өлкөгө өзгөчө кырдаал киргизүүгө барбай тургандыгын жана "өзгөчө кырдаал киргизилет" деген сөздүн өзү жалган ушак экенин белгилеген.

  * 3 жыл мурун, 2011-жылы “Ата Журттун” лидери Камчыбек Ташиев 10 пункттан турган талабын өкмөткө жөнөтүп, ага Алмазбек Атамбаев жооп берген.

Камчыбек Ташиев “эгерде алар аткарылбаса, биздин фракция коалициядан чыгат” деп билдирүү жасаган. Ал талаптар кадр саясаты, коалициялык макулдашууну ачык жарыялоо, кеңири коалиция түзүү, коалициянын кеңешин түзүү, стратегиялык маселелерди ошол кеңеште чечүү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрин шайлоону төрт айдын ичинде өткөрүү, президенттик шайлоого катыша турган болсо, өкмөт башчынын кызматынан кетүүсүн аныктоого байланыштуу болгон.

Алмазбек Атамбаев 22-мартта Камчыбек Ташиевге кат жазып, анда “Ата Журт” фракциясынын депутаттарынын тобунун кайрылуусу Коалициялык кеңеште караларын билдирген. Ошондой эле “Ата Журттун” 10 пункттан турган кайрылуусунда Конституцияга жана мыйзамдарга каршы келген учурлар бар экени көрсөтүлгөн.

 * 37 жыл мурун, 1977-жылы 5-чакырылыштагы "Ата Журт" фракциясынан ЖКнын депутаты Улан Чолпонбаев Фрунзе шаарында туулган.

Жогорку билимдүү. 1997-жылы Кыргызстан эл аралык университетинин Дипломатия жана эл аралык укук факультетин бүтүргөн. 

Эмгек ишмердүүлүгүн 1997-жылы “Манас” аэропортунун бажы терминалында инспектор болуп иштөөдөн баштап, 1998-жылдан тартып “Манас” аэропортунун бажы терминалында улук инспектор болуп эмгектенген.

Ал эми 2001-2003-жылдары “Галенфарм” ЖЧКсынын директору, 2003-2010-жылдары “Галенфарм” ЖЧКсынын коммерциялык директору болгон. 

2009-2010-жылдары Монголия Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы ардактуу консулу болуп иштеген.

2010-жылдын октябрында “Ата Журт” саясий партиясынын тизмеси боюнча V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган. Жогорку Кеңештин Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин мүчөсү.

 

Жылнаама толугу менен бул жакта...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
ayka.1991kg
2014-03-22 12:34:36
Ошто улука да айалдары келип алабы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан