Биз социалдык тармакта

Караколдо селкинчек кулап, андан жабыркаган кыздардын абалы жакшы

Караколдо селкинчек кулап, андан жабыркаган эки кыздын абалы жакшы. Бул тууралуу Каракол шаардык мэриясынын аппарат жетекчиси Абай Алымкулов бүгүн, 21-мартта билдирди.

Айтымында, окуя саат 13:00 чамасында катталган. Анда Нооруз майрамына карата курулган алты баканга 20га жакын бала чыгып алышып селкинчек тээп жатканда көтөрө албай кулап түшкөн. Натыйжада 2003-жылы туулган Алмазбек кызы Нурзат жана 2004-жылы туулган Алмазбек кызы Айдана жаракат алып, облустук ооруканага жеткирилишкен. Учурда алар медициналык кароодон өтүп, үйлөрүнө жөнөтүлүштү.   

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
SHS
2014-03-21 20:27:33
Ata eneleri baldaryn karay kaida jurot.
0
Dasmond
2014-03-21 22:40:14
жанылык болбосон коё кал!
+1
Aikyn93
2014-03-22 00:25:53
SHS kulap keteerin bilgen jokta!!!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан