Биз социалдык тармакта

УМККнын Чек ара кызматы ЕККУнун Бишкектеги борбору менен жыл жыйынтыгын чыгарды

Улуттук мамлекеттик коопсуздук комитетинин Чек ара кызматы ЕККУнун Бишкектеги борбору менен жыл жыйынтыгын чыгарды. Бул тууралуу бүгүн, 24-декабрда Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди. Чек ара кызматынын башчысы, генерал-майор З.Тиленов ЕККУнун Бишкектеги борборунун башчысы С.Капинос менен жолугушуу учурунда аскер кызматкерлеринин профессионалдык деңгээлинин жогорулашына жана материалдык-техникалык базанын чыңдалышына мыкты көмөк көрсөткөндүгү үчүн ЕККУнун борборуна ыраазычылыгын билдирди. ЕККУнун борбору 5 комплект кайтарымсыз кеңсе буюмдарын, Талас облустук чек ара отрядына курулуш материалдарын берди. 2013-жылга карата кызматташтык жолдору белгиленди. 

 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан