Бишкектен “чет өлкөлүк жаранды тоногон” деп шектелип 2 жигит кармалды
Бишкектен “чет өлкөлүк жаранды тоногон” деп шектелген адамдар
кармалышты. Алар шаардын Чүй – Турусбеков көчөлөрүнүн кесилишинен индиялык жарандын
уюлдук телефонун жана 3600 сомун күчкө салып тартып алышканы айтылды. Кылмышка
шектүүлөр: 19 жаштагы К.Тилек жана Н.Фарух. Буларды жабырлануучунун арызынан
кийин Ленин РИИБинин кызматкерлери кармашканын Бишкек ШИИББинин басма сөз
кызматы 22-мартта билдирди. Факт боюнча териштирүү жүрүп жатат.