“Автоунаадан буюм уурдады” деп шектелгендер милицияда сурак беришүүдө
Бишкек шаарында автоунаадан буюм уурдоо кылмышы боюнча бир
катар фактылардын бети ачылды. Кылмышка шектүүлөрдүн бири - Аламүдүн районунун
Таш-Мойнок айылынын 28 жаштагы жашоочусу И.Нурбек. Ал Чолпон-Ата шаарынын
тургуну Ж.Темирболоттун Фольксваген үлгүсүндөгү унаасынын айнегин сындырып, ичинен
1000 сом жана документтерин уурдап кеткени үчүн айыпталууда. Экинчи кылмышка шектүү - 22 жаштагы Ж.Калысбек. Бишкек
шаарынын тургуну. Ал "бишкектик 29 жаштагы Х.Икрамга таандык Мерседес
үлгүсүндөгү унаадан айдоочунун жеке мүлктөрүн алып кеткен" деп күнөөлөнүп
жатканын Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы 22-мартта билдирди. Фактылар боюнча
териштирүү жүрүп жатканы айтылды.