Бүгүн, 22-мартта Спорт Ордосунда «Тамашоу» Лигасынын 6-сезонунун жарым финалынын 1-күнү өтөт. Анда "Ак-Өргө city", "Позитифф", "Кыргыз двор", "Ассорти", "Айым Style", "Тамашарики", "Бишкек", "Олимпик" жана "Brooklyn" командалары ат салышмакчы.
Мелдеш 18:00дө башталат. Алып баруучусу - "Супер-Инфо" гезитинин 2013-жылдагы тандоосу боюнча "Заманыбыздын супер алып баруучусу" Эрмек Нурбаев.