Бүгүн, 22-мартта Спорт Ордосунда «Тамашоу» Лигасынын 6-сезонунун жарым финалынын 1-күнү өтүүдө. Көрүүчүлөр залдан орун алган соң саат туптуура 18:52де башталды. Сахнага чыккан "Тамашоунун" алып баруучусу Эрмек Нурбаев элди Нооруз майрамы менен куттуктап, оюнду ачык деп жарыялады. Андан соң оюн көрсөтүүчү командаларды эл алдына чакырды. Алар: "Ак-Өргө city", "Позитифф", "Кыргыз двор", "Ассортти", "Айым Style", "Тамашарики", "Бишкек", "Олимпик" жана "Brooklyn" командалары.
Командалардын өнөрлөрүн, албетте, дасыккан калыстар тобу баалашат. Алар: режиссёр Рысбек Жабиров, стилист Замира Молдошева, эстрада ырчысы Урмат Усенов, SUPER.KG порталынын директору Бактыгүл Сокушова, КВНчи Улан Барпиев, футболчу Азамат Байматов, юрист Жоомарт Жолдошев.
Таймашты "Видеотасма" сынагы менен "Позитифф" командасы ачып берди.