Бүгүн, 22-мартта Спорт Ордосунда «Тамашоу» Лигасынын 6-сезонунун жарым финалынын 1-күнүндө "Ак-Өргө city", "Позитифф", "Кыргыз двор", "Ассортти", "Айым Style", "Тамашарики", "Бишкек", "Олимпик" жана "Brooklyn" командалары ат салышууда.
Командалар алгач видеосынак боюнча таймашып, анда "Позитифф" командасы "Троя", "Бишкек" курама командасы "Люди икс" тасмасын тамашалуу кылып которушуптур. Ар бир команда тасмаларды тамашалуу которуу менен жашообузда болуп жаткан көйгөйлөрдү, терс көрүнүштөрдү көрүүчүлөргө жеткирүүгө аракеттеништи.