Сокулук районунда милиция кызматкерлери өлгөн ээсинин этин жеген итти атып өлтүрүштү

Сокулук районунун Новопавловка айылында каза болгон ээсин өз ити жеген. Мындай маалыматты маркумдун коңшулары таратышкан. Алар 20-декабрда Тынчтык жаңы конушундагы үйдөн өлүк денени табышкан. Азиат түспөлүндөгү белгисиз кишини коңшулары Сергей деп аташчу. Андан 2-3 күн мурда ал сууктан тоңуп калгандыгы аныкталды жана үйдө аны менен бирге өзүнүн ити болгон. Ит каза болгон кишинин ичегелерин жеген. Коңшулары эшикти ачкан учурда ит кутурган иттей аларга асылган. Чакыруудан улам келген милиция итти атып салган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан