«Тамашоу» Лигасынын жарым финалы видеосынак менен башталды

Бүгүн, 23-мартта Спорт Ордосунда «Тамашоу» Лигасынын 6-сезонунун жарым финалынын 2-күнү башталды. "Тамашоунун" негиздөөчүсү Эрмек Нурбаев көрүүчүлөрдү Нооруз майрамы менен куттуктап, калыстар тобун тааныштырды.

Калыстар тобунун мүчөлөрү: режиссёр Рысбек Жабиров, стилист Замира Молдошева, эстрада ырчылары Омар жана Урмат УсеновSUPER.KG порталынын директору Бактыгүл Сокушова, КВНчи Улан Барпиев жана юрист Жоомарт Жолдошев.

"Видеосынак" тапшырмасында “No name” курама командасы “Бриллиантовая рука” тасмасына, “Элестет” - “Ирония судьбы”, “Нур” – “Кавказская пленница”, “NutsТан” – “Джентльмены удачи”, “Вукинги” – “Служебный роман”, “НКБ” – “Иван Васильевич меняет профессию”, “Политех” – “Любовь и голуби”, “Рота” “Экипаж” тасмасына 2 мүнөт үзгүлтүксүз тамашалуу үндөрдү кошуп, жакшы маанай тартуулашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Rolankgb
2014-03-23 19:47:11
6 сезонду но нейм алатко дейм
+1
oroz_kg
2014-03-23 20:30:55
Rolankgb, Кошулам , алат Nо Nаmе
+1
aitmerek
2014-03-24 03:33:01
oroz_kg, айтканын келсин ооомийн.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан