"Тамашоу": "Ким тапан?" сынагында оригиналдуу жооптору менен "No name" командасы озуп чыкты

Бүгүн, 23-мартта Спорт Ордосунда «Тамашоу» Лигасынын 6-сезонунун жарым финалынын 2-күнү өтүүдө. 

Командалар "Ким тапан?" сынагында кызыктуу оюн көрсөтүштү. Калыстар тобу тарабынан ар кандай суроолор узатылып, командалардын тапкычтыгы текшерилди. Жыйынтыгында 1 упай менен "No name" курама командасы алдыга озуп чыкты.

Жоомарт Жолдошов: - Эмнеге досту душман кылыш оңой, душманды дос кылыш кыйын?

"Элестет": – (Алмазбек Атамбаевдин образында) Айланайындар, мен да оппозицияны дос кыла албай жүрөм... 

"NutsТан": – (Келиндин образында) Кайненебиз душман... Дос кылып эле жашап келе жатабыз...

"No name": – Неге Икрамды адам кылыш, адамды Икрам кылыш кыйын?

"Политех": – Эмнеге семизди арык кылыш оңой, арыкты семиз кылыш кыйын?

Улан Барпиев: - Адамга күн сайын адам болуу кыйын. Евага эмне кыйын?

"No name": – Оштук болуш кыйын...

"НКБ": – Мен баптист эмесмин.

"Рота": – Евага биздин ротада жашаш кыйын го...

"Элестет": – (Алмазбек Атамбаевдин образында) Еваны билбейм, мага күн сайын президент болуш кыйын...

Бактыгүл Сокушова: - Мастан жинди качып кутулуптур. Качкан бийлик маска киреби же жиндигеби?

"Политех": – Минскиге кирет...

"NutsТан": – (Келиндин образында) Свежий ушак экен, ай, кайдан уктуңуз?

"Рота": – Мен түшүнбөй калдым, сиз мастан качтыңызбы же жиндиденби?

"Элестет": – (Нурлан Мотуевдин образында) Мени кээ бирөөлөр мас дешет. Кээ бири жинди дейт, это ложь...

Замира Молдошева: - Жаман атка жал бүтсө, жанына торсук (баштык) байлатпайт. Жакшы атка жал бүтсө эмне болот?

"NutsТан": – Эмне, причёска жасайын дедиңиз беле?

"Рота": – Бизге носки жарашпайт.

"No name": – Ону билбейм го. Замира эже, мыногу Икрамга чач өстүрсө жарашабы?

Урмат Усенов: - Гиннесс китеби Кыргызстанда ачылды. Кимде кандай рекорд бар?

"No name": – Бизде Ташчайнар байке бар, анан Икрамдын чачы бар.

"Элестет": – (Алмазбек Атамбаевдин образында) Менин коллегаларымда чуркоо боюнча рекорд бар.

Рысбек Жабиров: – Мен эркинмин. Кыргызстандагы эркин атуулмун. Бирок мен бир нерсеге көз каранды экенмин. Эмнеге?

"No name": – Жеңеме.

"Тамашоунун" коногу Ташчайнар: - Кыргызстандын баалуулугу эмне болушу керек?

"No name": – Баалуулук тиште болушу керек.

"NutsТан": – Оозуңузга цемент, айланайын. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
KUMU89
2014-03-23 21:19:17
Но нейм красавчик. Ийгилик! Финалга чыккыла.
+3
aitmerek
2014-03-24 03:30:59
KUMU89, оозуна май мага дагы жагат ушул команда
0
peri...97
2014-03-23 22:28:47
Но нейм алгааааа
+1
Oceana
2014-03-23 23:18:12
Но нейм алга ийгилик
+1
kilim
2014-03-24 02:15:38
Но нейм чемпион болот аракети жакшы
+1
miia
2014-03-24 11:35:58
но нейм азаматсынар
0
Mech.kg
2014-03-24 13:07:22
Но нейм ар дайым алдыда балдар... балда....Ош
0
duiusheev
2014-03-25 15:56:49
Но нейм чемпион болот . алга
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан