Мыйзамсыз документ берүү фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы бүгүн, 24-мартта билдирди.
Маалыматка караганда, 2011-жылдын сентябрь айында Чүй районунун жарандык актыларды жазуу (ЗАГС) бөлүмүнүн башкы адиси эч кандай өздүгүн тактабастан, европа улутундагы П.Т.Г. аттуу аялга туулгандыгы тууралуу күбөлүк берген.
Ошондой эле 2011-жылдын октябрь айында Токмок аймактык паспорт жана виза бөлүмүнүн жооптуу кызматкери жогорудагы аялга жасалма жол менен ички паспорт берген.
Учурда бул факты боюнча “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” жана “документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды колго жасоо, даярдоо, сатуу же алардын жасалмаларын пайдалануу” беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.