Куурчак театрында Куурчак ойнотуучулардын күнү белгиленди (фоторепортаж)

21-Март - Бүткүл дүйнөлүк куурчак ойнотуучу чеберлердин күнү 23-мартта Муса Жангазиев атындагы Мамлекеттик куурчак театрында белгиленди. Иш-чарага келген балдар жана алардын ата-энелери алгач театрдын залына коюлган куурчактарды ойноп, мастерлердин куурчак жасап жаткан иштерине күбө болушту. Андан соң майрамдык салтанаттын концерттик бөлүгү башталып, бөбөктөр Топчубек, Ширингүл, Түлкү, Карышкыр сыяктуу жомок каармандары менен "Гангнам стайл", "Кара жорго" бийлерин тер чыкканча бийлешти. Майрамдык иш-чаранын алкагында балдар аркан тартышып, күч сынашты. 

Концерттик программадан соң "Каардуу чал", "Теремок" спектаклдери тартууланды. Кичинекей көрүүчүлөр каармандар күлсө күлүп, кайгырса кайгырып көрүп отурушту.  

Белгилей кетсек, Бүткүл дүйнөлүк куурчак ойнотуучу чеберлердин күнү Эл аралык куурчак театрынын ишмерлер союзунун демилгеси менен түзүлгөн. Бул күндү белгилөө идеясы белгилүү Иран куурчак театрынын ишмери Живаду Занфагарихого таандык. 2003-жылдын 21-мартынан бери бул майрам катары белгиленип, дүйнө жүзүндөгү куурчак ойнотуучу артисттердин башын бириктирип келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан