Француз спутниги Инд океанынын түштүк жагында сууда калкып жүргөн калдыктарды байкап, аны дайынсыз жоголгон малайзиялык Боинг-777 учагына тиешелүү деп божомолдоодо. Бул тууралуу 23-мартта издөө операциясына катышып келе жаткан Австралия бийлигинин өкүлдөрү жарыялашты.
Австралиянын премьер-министринин орун басары Уоррен Трасстын айтымында, спутник буга чейин издөө жүргөн зонадан түндүккө карай 850 чакырым алыстыктан калдыктарды байкай алган. Мындан улам жоголгон учакты издөө аянты кеңейтилет. Аталган маалыматтар божомол гана экенин айтып, издеп жаткандар үчүн ар бир жаңы маалымат маанилүү экенин белгиледи.
8-мартта Малайзиядан Кытайга учуп баратканда жоголуп кеткен учак бүгүнкү күнгө чейин изделип, жыйынтык чыкпай келет. Бортунда 239 жүргүнчүсү бар учак акыркы жолу Түштүк Кытай деңизинин үстүндө учуп бара жатканда байланышка чыкканы айтылган.
20-мартта Австралиянын премьер-министри жоголгон учакка тиешелүү калдыктар табылгандыгы тууралуу божомолдорду айткан. Бул маалыматтан кийин 21-мартта Кытай дайынсыз жоголгон малайзиялык Боинг-777 учагын издөө үчүн Австралияга 3 кеме жана 1 муз жаргыч кеме (ледокол) жөнөткөн. Издөө иштерине 30га жакын мамлекет тартылган.