КРнын Иран Республикасындагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Медеткан Шеримкулов ээлеген кызматынан бошотулду. Жарлыкка бүгүн, 24-декабрда президент Алмазбек Атамбаев кол койду. Кызматтан бошотууга Шанхай Шериктештик Уюмунун жыйынына келген Иран Республикасынын Вице-президентинин арыздануусу себеп болгон. Мындай билдирүүнү маалымат агенттиктеринин бирине дипломатиялык чөйрөдөгү булактар айтышкан. Ал маалыматтар боюнча, Шеримкулов виза ачуу үчүн ирандыктардан 200 доллар жана ишкерлеринен “белек” сураган.