Нарын шаардык мэриясы тарабынан 2013-жылды шаңдуу тосуу, шаарды майрамдык жасалгалоого карата шаардык мекеме-ишканалар арасында кароо-сынак жарыяланды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Шаардык мекеме-ишканалар арасында мекемеге таандык административдик имараттардын Жаңы жылга карата жогорку деңгээлде жасалгаланышы боюнча шаардык мэриянын 17-декабрдагы №577-б буйругунун негизинде кароо-сынак жарыяланып, жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар берилет. Кароо-сынактын жыйынтыгын чыгаруу үчүн атайын комиссиянын курамы иш алып барууда.