Мотоцикл менен автоунаа кагышып, 34 жаштагы мотоциклдин айдоочусу каза тапты

34 жаштагы мотоциклдин айдоочусу жол жээгинде турган автоунааны сүзүп кетип, жыйынтыгында өзү каза тапты. Бул боюнча Жол-кайгуул кызматынын маалымат катчысы Тилек Оторов бүгүн, 24-мартта билдирди.

Маалыматка караганда, 23-мартта саат 13:00 чамасында Кавасаки үлгүсүндөгү мотоцикли менен Түштүк магистралынан батыш тарапка бара жаткан 34 жаштагы Т.Валерий жолдун жээгинде токтоп турган Хонда Лого унаасын сүзгөн. Анын кесепетинен мотоциклдин айдоочусунун баш мээси ачык түрдө жараат алып, баш сөөгү сынып, төшүнөн жаракат алып бейтапканага жеткирилген. Ал жандандыруу бөлүмүнөн эсине келбей каза тапты. Ал эми Хонда Лого унаасынын айдоочусу 33 жаштагы Ж.Замира кырсык учурунда унаада болгон. Анын баш мээси чайкалып, оң жамбашы жабык түрдө сынып, төшүнөн жаракат алган. Ал азыр ооруканада. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан