Нарын шаарында кутурма, эхинококкоз ооруларын алдын алуу, тарап кетишине бөгөт коюу максатында жолбун иттерди атып жок кылуу жүрүп жатат. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Нарын шаардык мэриясынын 19-декабрдагы №581-б буйругунун негизинде жолбун иттерди атып жок кылуу үчүн Нарын облустук Мергенчилер жана балыкчылар коому тарабынан бригада түзүлүп, иш алып барууда. Атылган иттерди "Карга-Жайлоо" таштанды төгүүчү жайына көмүү Нарын шаардык муниципалдык "Таза-Нарын" ишканасы тарабынан жүргүзүлө турганын шаардык мэриянын сектор башчысы А.Ибраев маалымдады.