44 жаштагы маршруттук таксинин айдоочусу 16 жаштагы жөө жүрүүчүнү сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Анын кесепетинен жабырлануучу каза тапты. Бул тууралуу Жол-кайгуул кызматынын маалымат катчысы Тилек Оторов бүгүн, 24-мартта билдирди.
Маалыматка караганда, 23-мартта саат 12:50 чамасында Бишкек шаарынын Керамический көчөсүндөгү №18-үйдүн тушунан 193-маршруттук таксинин айдоочусу К.Бахтиержон 16 жаштагы А.Жээнбекти сүзүп, өзү качып кеткен. А.Жээнбек ооруканадан эсине келбестен каза тапты. Кылмышка шектүү катары 44 жаштагы К.Бахтиержон кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Экспертизанын жыйынтыгы анын мас абалда болгонун көрсөткөн.
Жол-кайгуул кызматы эскертет!
Кылмыш болгон жерден качып кетүү менен сиз дагы бир экинчи кылмышты жасап жатканыңызды унутпаңыз!