Дубайда кыргыз, өзбек, тажик диаспоралары биргеликте Нооруз майрамын белгилешти

Дубайда 22-март күнү биринчи жолу Кыргызстан, Казакстан, Азербайжан, Тажикстан жана Өзбекстандын башкы консулдуктары биригип Нооруз майрамын белгилешти. Майрамдык салтанатка дипломатиялык корпустардын өкүлдөрү жана кыргызстандыктар чакырылган. 

Иш-чарада жогорудагы өлкөлөрдүн музыкалык чыгармачыл топтору ырдап-бийлеп улуттук тамак-аштарын конокторго тартуу кылышты. Саамалыкта кызыктуу оюндар өткөрүлүп, белектер ыйгарылды. Бул тууралуу 24-мартта Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан