Интернеттеги социалдык тармактарда "жоголду" деп издөө салынган 15 жаштагы кыз табылды. Ал 3 күндөн бери туугандарынын үйүндө болгон

Интернеттеги социалдык тармактарда Бишкек шаарындагы Туңгуч кичи районунан 15 жаштагы кыздын жоголгондугу тууралуу маалымат тараган. Анда “19-март күнү кечки саат 22:30да кошунасынын үйүнөн чыгып, бирок жакын жердеги өзүнүн батирине жеткен эмес. Белгилери: бою 160-165 сантиметр, метис, чачы тармал. Дене түзүлүшү толугураак жана уялчаак. Тизесине чейин жеткен пальто кийген. Жынсы шым жана күлгүн түстөгү бут кийимчен. Көргөн-билгендер болсо, жардам берүүңүздөрдү өтүнөбүз” деп жазылган.

Бүгүн, 24-мартта SUPER.KG порталына издөө салынган кыздын табылганын туугандары маалымдашты. Эжесинин айтымында, жоголгон кыз кошунасыныкынан чыккандан кийин туугандарыныкына кетип калган. Бирок ал тууралуу үйдөгүлөрүнө кабар берген эмес. 3 күндөн соң туугандары кыздын интернетте изделип жатканын билип, байланышкандан кийин ал үйүнө кайтып келген. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
lusi2013
2014-03-24 13:35:39
Расса кыз экен го,туугандарына кеткенин уйуно айтып койбогон,ушинтип айтпай же алдап кеткендердичи(((
+2
begim12
2014-03-24 13:36:44
ойу жок десе ,ошондой да болчу беле
+1
GUMU
2014-03-24 13:47:20
мурунку заман болбогондон кийин телефон деле чалып айтып койбойбу,айныган немелер го
+1
inoplanetyanin
2014-03-24 14:09:41
jook, bul jerde bir jaman nerse bar, kantip ele,uigo aitpastan 3 kun jok bolup ketet?
+3
meerim8793
2014-03-24 14:28:41
Бир нерсени жашырып жатышатгоо булар болбосо кантип эле кечинде тууганынын уйуно айтпай кетип калмак
+3
pakistanka
2014-03-24 15:12:56
tuugandarui da aynigan nemeler go tundo emne keldiiiiiin dep surabayt bele. je ata enesine bildirbeyt bele tuugandari. 20 kilimda jawap atkansip.sotka degen er jaynayt chaliwpaybi...
+2
Aipri
2014-03-24 17:09:50
Тушунуксуз немелер гоо булар. Бир шаарда жашагандан кийин туугандарына чалбайбы. Кызык, интернетке жарыяланганда туугандары коргонун. Тушунуксуз.
+2
Kara_kyrgyz
2014-03-24 17:42:29
азыркы кыздарга да ишенип болбой калды
0
legenda23
2014-03-25 01:17:19
хххххх деп деле бере беришеткенда уялчаак деп койгонучу озуле атайын атын чыгарайын дегенго
0
admin_superstan
2014-03-25 09:24:34
legenda23, көпчүлүккө таандык этика нормаларын сактаңыз!
0
AKJOL88
2014-03-25 14:37:55
ким билет кимдин арманын,тараза билет салмагын-дегендей бул жерде бирдеке барго дейм,телефону жок болуш керек кыздын же туугандарынын бир ооз айтма
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан