Аскер кызматкерлери каракчылык кылгандыгы үчүн кармалышты. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 24-мартта билдирди.
Маалыматка караганда, 19-марттан 20-мартка караган түнү саат 01:30 чамасында Бишкек шаарынын Тынчтык проспекти менен Фрунзе көчөсүнүн кесилишиндеги “Люкс” караоке-клубуна белгисиз бет капчан адамдар кирип келишип, Корея Республикасынын А.Е. аттуу жаранын коркутуп, 3000 доллар акчасын жана 6 даана уюлдук телефонун алып кетишкен.
Бул кылмышка шектүүлөр кармалып, аты-жөнү такталды.
- Т.Канат, 39 жашта, Ысык-Көл облусунун тургуну. Ал Бишкек шаарындагы Аскер бөлүктөрүнүн биринин сержанты болгон.
- К.Адилет, 25 жашта, Нарын облусунун тургуну. Ал Бишкек шаарындагы Аскер бөлүктөрүнүн биринин сержанты болгон.
- И.Асет, 23 жашта, Чүй облусунун тургуну. Бишкек шаарындагы Аскер бөлүктөрүнүн биринин кичи сержанты болгон.
- Б.Мирлан, 24 жашта, Нарын облусунун тургуну. Убактылуу иштебейт.
- Бекболот, 23 жашта, Нарын облусунун тургуну. Убактылуу иштебейт.
Учурда КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 168 (каракчылык) беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.