Ош аэропортунун аймагын кеңейтүүгө багытталган мыйзам долбоору ЖКнын Агрардык комитетинде каралды

Парламенттин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча комитетинин 24-декабрдагы жыйынында "Сугат-айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга мораторий киргизүү жөнүндө” КРнын мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору 3-окууда каралды. Маалыматка ылайык, жыл өткөн сайын жүргүнчүлөрдүн саны арбып, эл аралык каттамдар көбөйгөндүктөн, Ош аэробекетин кеңейтүү зарылдыгы келип чыккан. Аэропортту кеңейтүүгө Нариман айыл округунан 7 гектар жер каралып жатат. Мыйзам долбоору менен Ош Эл аралык аэропортунун жаңы аэробекетин, жүктөө терминалын курууга, учуп-конуу тилкесин узартууга жер тилкесинин муктаждыгынан улам демилгеленип жатат. Жыйын соңунда аталган мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин кароосуна сунуштоо чечими кабыл алынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан