Бишкек шаарында балдардын жана мектеп театрларынын 11-республикалык фестивалы өтүүдө (фоторепортаж)

Борбор калаадагы Ч.Айтматов атындагы Улуттук орус драма театрында балдардын жана мектеп театрларынын арасында 11-республикалык фестиваль өтүүдө. “Тынчтык жана биримдик - биздин байлыгыбыз” деген ураандын алдында уюштурулган бул иш-чара 27-мартка чейин болот. Ага №56, 59, 70, 67, 17, 68, 13, 31, 9-мектептердин театралдык жамааттары, “Таалим”, “Эврика” жеке менчик мектептери, №1-Фрунзе лицей-мектеби катышууда. Фестивалдын жүрүшүндө катышуучулар тарабынан жалпысынан 32 спектакль коюлуп, калыстар тобунун сынынан өтөт. 

”Бул идея 13 жыл мурун №9-мектепте ишке ашкан. Сахнага өзүн актёр катары сынап чыккан ар бир бала жашоодон баа жеткис тажрыйба алат. Алар тартынбай, ачык болгонго, орундуу сүйлөгөнгө, коллектив менен иштешүүнү, театралдык классиканы үйрөнүшөт. Спектакль коюу оор. Бирок балдарды бактыга бөлөө - иш-чаранын башкы максаты”,- дейт аталган театрдын башчысынын орун басары Елена Тарасова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан