КРнын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык агенттигинин мурдагы жетекчиси Каныбек Нарбаевге жана Бишкек шаардык мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын жооптуу кызматкерлерине “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 24-мартта билдирди.
Маалыматка караганда, Бишкек шаардык мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын жана Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык агенттигинин мурдагы жетекчиси Каныбек Нарбаев баштаган кызматкерлери борбор шаардын көчөлөрүн оңдоп-түзөөдө бааларды жогору кылып көрсөтүшкөн. Бир эле көчөнү оңдоп-түзөөдө 2 миллион 247 миң сом өлчөмүндө зыян келтирилген. Ашкан акча каражатын жеке кызыкчылыктары үчүн колдонушкан.