Сокулук районунда жөө жүрүүчүнү унаасы менен сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен айдоочу кармалды

Сокулук районунда жөө адамды унаасы менен сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 24-мартта билдирди.

Маалыматка караганда, жол кырсыгы 21-март күнү саат 00:40 чамасында Военно-Антоновка айылында катталган. Анын кесепетинен 20 жаштагы жаран алган жараатынан улам ооруканадан көз жумган.

Бул кылмышка шектелип 1980-жылы туулган Бишкек шаарынын тургуну кармалды. Ал Форд Мондео унаасын башкара албай жөө жүрүүчүнү сүзүп алган.

Учурда бул факт боюнча кылмыш ишин козгоо же козгобоо маселеси каралып жатат. Тергөө амалдары жүрүүдө. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
meky85
2014-03-24 14:03:55
качпай эле больницага алып барса аман калмак беле.Байкуш жап жаш турбайбы жаткан жери жайлуу болсун
+2
Boru87
2014-03-24 15:11:28
kachyp atandyn bashyna bara belen, oshodon koro oorukanaga alyp barsan bolmok!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан