Чүйдө сейилдегени чыгып, жоголуп кеткен жаш балдар табылды

Чүй облусунун Жайыл районунда сейилдеп келүү үчүн үйүнөн чыгып, жоголуп кеткен 10 жана 6 жаштагы бир туугандар табылды.   

Апасынын айтымында, балдар 20-мартта күндүз Новониколаевка айылындагы үйүнөн сейилдегени чыгып кетишкен. Кечке маал алар үйгө келбегенинен апасы милицияга кайрылган. Жоголгон балдар ошол эле айылдын чет жагында ойноп жүргөн жеринен милиция кызматкерлери тарабынан табылып, ата-энесинин жанына жиберилди. Бул тууралуу бүгүн, 24-мартта Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Anhel
2014-03-24 14:43:36
жакшы убагында кайрылат экен го кыргыздар да милицияга
0
Manasasman
2014-03-24 14:53:55
Жакшы кудай сактаптыр.
0
Kyrgyz.jigiti
2014-03-24 21:42:08
Kyrgyzdarda bar ekensinergo
+1
LISICHKA
2014-03-25 10:34:03
Ыймандуулар экен го,болбосо 3 кун куткуло,келбесе анан издейбиз деп коюшчу эле.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан