ЖКнын Аппаратынын жетекчисинин орун басары: "Эл аралык тажрыйбада парламент жыйындарында кворум маселесине басым жасалбайт"

Бүгүн, 24-декабрда парламенттеги кворум маселесине эл аралык тажрыйбалардын мисалында токтолгон ЖКнын Аппаратынын жетекчисинин орун басары Сүйүнбек Касмамбетовдун айтымында, Швециянын парламентинде премьер-министрдин отчётун угууга 350 депутаттын 23ү гана катышкан. "АКШнын парламентинде кворум деген маселеге негизги басым жасалбайт. Анткени аларда мыйзам долбоорлору комитеттер менен фракциялардын жыйындарында кеңири талкууланып, чечүүчү чечим гана парламенттин жыйынында кабыл алынат. Парламентаризмдин өнүгүшү менен бизде да ошол парламенттик салт калыптанып келе жатат, бара-бара коомчулук да бул көрүнүшкө көнүшү керек",- деди Касмамбетов. "Мындан тышкары кабыл алынып жаткан мыйзам долбоорлору бюджеттен кандай чыгымдарды керектейт, парламенттик угуу жана тегерек стол жыйындырын уюштуруу деген ар бир иш-чаранын аркасында талыкпас эмгек менен ишке аша турган кыйла түйшүктөр бар",- деди Сүйүнбек мырза.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан