Панфилов районунда Алыкул Осмоновдун туулгандыгынын 100 жылдык мааракесин өткөрүүгө даярдыктар башталды. Бул тууралуу бүгүн, 24-мартта уюштуруучу топ маалымдады.
Маалыматка ылайык, учурда уюштуруу комитети тарабынан иш-чаранын планы түзүлдү. Уюштуруучу топтун эң алгачкы пландарынын бири - март айынын соңуна чейин Панфилов орто мектебинде Алыкул Осмоновдун чыгармачылыгына арналган класс ачуу.
Белгилей кетсек, Алыкул Осмонов 1915-жылы 12-декабрда Панфилов районунун Каптал-Арык айылында төрөлгөн.