Уюшкан кылмыштуу топтордун биринин мүчөсү катары каттоодо турган Москва районунун Петровка айылынын 58 жаштагы тургунунун үйүнөн 2 килограмм 161 грамм баңгизаты табылды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 24-мартта билдирди.
Маалыматка караганда, кармалган адамдын мыйзамсыз баңгизатын сактоого жана сатууга катыштыгы бар экендиги мурда козголгон кылмыш ишинин чегинде аныкталды. Ал учурда КРнын Жазык-процесс кодексинин 94-беренеси боюнча кармалып, убактылуу кармоочу жайга жиберилди.