Нарында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар кайрадан митингге чыгышты

Бүгүн, 24-мартта Нарын шаарында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын “Үмүт кутман” коомдук уюмунун мүчөлөрү кайрадан митингге чыгышты. Нарын ОИИБинин басма сөз кызматы берген маалыматка ылайык, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын талабы турак жай маселеси болууда.

Алар мамлекет тарабынан бөлүнгөн 3,5 миллион долларга үй куруу мүмкүн болгонун билдирип, “бийлик үй салып бербесе да, жашачу жай таап берсин” деген ойду айтышууда. Суроо-талап менен чыккан 20-30 кишиге Нарын шаардык мэриясынын аппарат башчысы Кубан Чымылдаков жолугуп, бул суроо жакынкы 10 күн ичинде чечилерин убада кылды. 
Буга чейин 17-мартта майыптар нааразылык акциясына чыгып, талаптары аткарылбаса, Бишкекке чейин барышарын билдиришкен. Аталган облуста 300гө жакын ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жаран жашайт.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
aitmerek
2014-03-24 16:53:57
Митинг бизде салтка айланып калды окшойт.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан