Асылбек Жээнбеков АКШнын Сенатынын төрагасы Жозеф Байденге көңүл айтты

ЖКнын төрагасы Асылбек Жээнбеков АКШнын Сенатынын төрагасы Жозеф Байденге АКШ Сенатынын төрагасынын милдетин аткаруучу, сенатор Дэниел Иноуинин дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу көңүл айтты."Улуу урматтуу Жозеф Байден! Кыргызстан АКШнын Сенатынын төрагасынын милдетин аткаруучу, сенатор Дэниел Иноуинин дүйнөдөн кайткандыгы жөнүндө кабарды кайгыруу менен кабыл алды. Биз бул кайгыга карата көңүл айтып, америка элинин кайгысын бөлүшөбүз. Дэниел Иноуини жоготуу менен Америка Кошмо Штаттары өзүнүн чыгаан мамлекеттик ишмеринен, чыныгы атуулунан, элдик уулунан ажырап отурат. Анын ысымы Сиздердин өлкөнүн тарыхында түбөлүк кала тургандыгына, анын жаркын элеси досторунун эсинде саясий даанышмандыктын, өсүп келаткан муун өкүлдөрү үчүн өз мекенине чындап берилүү менен кызмат өтөөнүн үлгүсү катары сактала тургандыгына ишенем. Дэниел Иноуи келерки жылы Кыргызстанга келүүнү пландаштырып, биз да чыдамсыздык менен күтүп жатканбыз. Биз өз досубуздан айрылып калдык. Жогорку Кеңештин депутаттарынын жана өзүмдүн атымдан көңүл айтуу менен, сенатор Иноуинин жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшөбүз",- деп айтылат көңүл айтуу текстинде.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан