Ош. Бүгүн Ниязалы Борош уулунун 158 жылдыгына карата өткөрүлүп жаткан жаш аткаруучулардын арасындагы сынактын жыйынтыгы чыгарылат

Ошто Ниязалы Борош уулунун 158 жылдыгына карата өткөрүлүп жаткан жаш аткаруучулардын арасындагы сынактын 2-3-туру өтүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 24-мартта «UNA – Сен жалгыз эмессиң” коомдук өнүгүү фондунан билдиришти. Маалыматка ылайык, 1-турунда 200гө жакын аткаруучу катышкан. Ал эми 2-турга 25 жаш талант өткөн. Бүгүн 2-3-туру өтүп жатат. Калыстар тобунда Эл артисттери, эл аралык сынактардын катышуучулары жана Эмгек сиңирген артисттер бар. Ошондой эле бүгүнкү 2-3-турга калган 25 талапкердин баары баалуу сыйлыкка ээ болушат. Алардын 10ну Ысык-Көлдөгү пансионаттардын бирине жолдомо алышат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан